Орусиянын армиясы 20-августта Украинанын Сумы жана Одесса облустарына сокку урду.
Украинанын Улуттук полициясы билдиргендей, Ахтырка шаарында жапырт дрон соккусунда 12 киши жараат алды. Көп кабаттуу үй, 13 жер там, чарбалык курулуштар жана гараж талкаланды.
Орус армиясы түндө Одесса облусуна да чабуул койду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, бир киши жараат алып, отун-энергетикалык объектиде өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө 54 киши, 16 техника, өрт өчүрүүчү поезд тартылды. Бутага кайсы объект алынганын мекеме тактаган жок. Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер Измаилде инфраструктура объектилери жана өндүрүш имараттарына зыян келтирилгенин жазды.
Орусия тарап чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.
Орусиянын президенти Владимир Путин шейшембиге караган түнү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугушууга макул болду.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалындагы маегинде билдирди.
Трамптын айтымында, "Зеленский менен Путиндин мамилеси "мурда өзү ойлоп жүргөндөн бир аз жакшы", ошондуктан алар алгач бетме-бет сүйлөшөт, андан кийин өзү ага кошулат.
"Ошол эле учурда алар кайсы бир мезгилде жакшы достордон болуп калат деп айта албайм. Путин өзүн жакшы алып жүрөт деп үмүттөнөм. Андай болбой калса, биз татаал кырдаалга туш болобуз", - деди АКШ президенти.
France-Presse агенттиги Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсүнүн мазмунунан кабардар болгон эки булакка таянып, орус президенти Украинанын лидери менен ыктымал жолугушууну Москвада өткөрүүнү сунуштаганын жазды.
"Путин Москва тууралуу айтты, Зеленский буга "жок" деп жооп берди", - деди агенттиктин дагы бир булагы.
Fox News каналындагы маегинде Трамп Украинанын НАТОго кириши жана Орусия аннексиялап алган Крымды кайтаруу мүмкүн эместигин кайталады.
Согушту жөнгө салуу аракетинин алкагында Киев "көп жер аларын" айтты, балким Трамп муну менен Орусия басып алган жерлер тууралуу сөз кылган болушу мүмкүн.
Трамптын билдирүүсүндө, Украинага сунушталган коопсуздук кепилдигинин алкагында Франция, Германия, Улуу Британия бул өлкөдө аскер жайгаштырууну каалап жатат.
"Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ мындай кадамга барбайт", - деди ал.
Трамп Москва бул шартка көнөт деп ойлоп жатканын кошумчалады.
Кремль буга чейин Украинада чет элдик аскерлер жайгашса, тынчтык процессин жокко чыгара турганын жарыялаган.
Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору 2025-жылдын алты айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн 628 тажикстандыктын ысымын жарыялады. Долбоор апрелде Орусия согушка азгырган 931 тажик жаранынын тизмесин чыгарган. Анын кеминде 196сы каза болгонун жазган.
"Хочу жить" Орусия Тажикстандын жарандарын согушка тартуу аракетин күчөткөнүн белгиледи.
Тажик бийлиги бул маалыматтар тууралуу расмий комментарий бере элек.
Быйыл майда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин күч органдары орус паспортун алган 20 миң мигрантты "кармап", Украинага каршы согушка айдаганын билдирген.
"Хочу жить" мамлекеттик долбоору Украинанын Аскер туткундары боюнча маселелерди координациялоо штабына карайт. Долбоор Орусия тарапта согушкан аскерлерге, чет элдиктерге, Украинанын оккупацияланган аймактарынан мобилизация болгондорго украин тарапка коопсуз шартта колго түшүп берүүгө көмөктөшөт.
Буга чейин Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен, анын ичинде Кыргызстандан согушка азгырылгандардын тизмелерин жарыялаган.
Украинанын дрондору 19-августка караган түнү Орусиянын Волгоград облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку уруп, өрт чыкканын, аны эртең менен гана өчүрүүгө мүмкүн болгонун "Интерфакс" жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.
Чабуулдун кесепеттери айтылган жок.
Ушуну менен бул завод 13-августтан бери кеминде үчүнчү жолу дрондордун бутасына алынды.
Украина завод орус армиясын күйүүчү май менен камсыз кылгандыктан, аскердик объект болуп эсептелерин билдирген.
Согушка чейин ишкана жылына 15 млн тоннадай мунай өндүрчү, бул Орусиядагы жалпы мунай өндүрүшүнүн 5.5% жакынын тузөт. Учкучсуз аппараттар аны 2024-жылдын февралынан бери бутага алып келүүдө.
Волгоград облусунун бийлиги билдиргендей, түндө атып түшүрүлгөн дрондордун биринин сыныгы шаардын түштүгүндөгү №16 оорукананын аймагына түшүп, анын корпустарынын биринин чатыры өрттөнүп кетти. Жабыркагандар жок деп кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн эртең мененки маалыматында Волгоград жана Ростов облустарынын, аннексияланган Крымдын үстүндө 23 украин дронун жок кылганын жарыялады. Жалпы канча дрон менен чабуул коюлганын тактаган жок.