Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.Трамп Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. АКШ президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду.
Индия, Пакистан, Непалда катуу жамгырдан кийинки сел 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алды, дагы жүздөгөн тургун дайынсыз. Аляскадагы сүйлөшүүдө Путин Крымды Орусияныкы деп таанууну сунуштаганын маалымат агенттиктери жазды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгын Украина жана Европа лидерлери Вашингтондо талкуулашат.
Кыргызстанга Орусиянын премьер-министри Мишустин расмий менен сапар менен келди. Аляскада өтчү АКШ-Орусия лидерлеринин саммитин утурлай Украина менен Орусия бири-бирине дрон чабуулун күчөттү. Кыргыз өкмөтү эттин баасын 700 сомдон ашырбоону талап кылууда.
Аляскада Трамп менен Путин жолугуп, Украинадагы урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө саналуу күн калганда майданда кырдаал курчуй баштады. Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды.
Бишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты. Айбек Жунушалиев cейил бакта курулган турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат берерин билдирди.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Газада израил армиясынын соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. Абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча сот жараяны шектүүлөрдүн бири келбей калгандыктан 15-августка жылды. АКШдан депортацияланган 25 жаран Кыргызстанга жеткирилди.
Тажрыйбалуу айдоочулар Польшанын “керемет жолдорун” көп макташат. “Настоящее Времянын” кабарчылары ЕБге кирген бул өлкөнүн жолдору эмнеси менен өзгөчөлөнүп турарын текшерип көрүштү. Алар автоунаасын айдап алышып, Польшанын кыштактарындагы чакан жолдорун да, чоң автомагистралдарын да көрүп келишти.
Көк-Жар2 конушундагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды. Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Кой-Таш окуясына алты жыл болду. Бул окуя боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими менен Атамбаев сыртынан 11 жыл 6 айга кесилген.
Дагы жүктөңүз