Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ташиев абактарда “положенец”, “смотрящий” дегендер болбошу керектигин айтты


Камчыбек Ташиев - Kamchybek Tashiev 2025
Камчыбек Ташиев - Kamchybek Tashiev 2025

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда абактарда “мыйзамдагы ууру”, “положенец”, “смотрящий” дегендер болбошу керектигин билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 19-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Күзөт жана коштоо департаментине 81 млн сомдук жабдууларды жана атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасында айтты.

Камчыбек Ташиев түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткандардын баарынын статусу бирдей болуп, эч ким бири-бирине үстөмдүк кылбашы керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Андан бери анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген бир катар адамдар кармалып, сот жообуна тартылды. Камчыбек Ташиев ушул тапта өлкөдө мындай ушкан топтор жок экенин бир нече жолу кайталаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG