Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Украинадагы согуш: Трамп, Зеленский жана европалык лидерлердин жолугушуусу


АКШ президенти Дональд Трамп, Украинанын лидери Владимир Зеленский жана европалык лидерлер Ак үйдө, 18-август, 2025-жыл
АКШ президенти Дональд Трамп, Украинанын лидери Владимир Зеленский жана европалык лидерлер Ак үйдө, 18-август, 2025-жыл

18-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.

Ага удаа эле Трамп менен Зеленскийдин европалык лидерлер менен жолугушуусу өттү.

Украин президентине колдоо көрсөтүп, Ак үйгө барган лидерлер: Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.

Президенттер Трамп, Зеленский жана Европадан барган лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн алдында журналисттер үчүн кыска билдирүү жасашты.

Француз лидери Макрон Украинада тынчтык орнотуу боюнча тынчтык келишимин талкуулоо үчүн европалыктардын катышуусунда төрт тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылды."Мындан аркы кадам - балким төрт тараптуу жолугушуу. Анткени коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз кылганда, биз бүтүндөй Европа континентинин коопсуздугу жөнүндө айтып жатабыз", - деди Макрон.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте президент Трампка бул жараянды жетектегени үчүн ыраазычылык билдирип, "Украина маселесинде туңгуюктан чыгуу үчүн кырдаалды өзгөртө алды" деп белгиледи. "Эгер ушундай эле деңгээлде аракет кылсак согушту аяктай алабыз",- деди аскердик альянстын башчысы.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европанын биримдигин баса белгилеп, Вашингтондо "достор жана союздаштар" жолугуп жатканына токтолду. Ал Вашингтон менен Брюссел "тарыхтагы эң ири соода келишимин" түзгөнүн айтып, Кошмо Штаттарды Орусия оккупациялап алган аймактарда жашаган украиналык балдарды өз мекенине кайтарууга көмөктөшүүгө чакырды.

Трамп менен Зеленский жолукту

Ак үйдүн алдынан тосуп алган Трамп жолугушуу башында Зеленскийге сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. Кошмо Штаттардын президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды. Зеленский андай кездешүүгө даяр экенин билдирди.

Трамп Украина боюнча туруктуу тынчтык келишимине жетишүү зарылдыгына токтолду. Ал орус президенти Владимир Путин да жаңжалдын аякташына кызыкдар деген ишенимде экенин кошумчалады. Бирок тынчтыкка жетүү үчүн канча убакыт керек экенин америкалык лидер айткан жок.

Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Президент Трамп Украинанын коопсуздугун камсыздоого Кошмо Штаттар катышарын билдирип, ал кандай формада ишке ашарын тактаган жок. Бирок америкалык президент Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүдө Европа негизги милдеттемени алышы керектигин белгиледи.

Зеленский Украинада туруктуу тынчтык орношу керек деген оюн кайталады. Ал өлкөдө президенттик шайлоо болорун, бирок согуш шартында аны уюштуруу мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Украин лидери Трамптын жубайы Меланияга багытталган катты тапшырды. Буга чейин Мелания Трамп президент Украинадан чыгарылган балдардын тагдырына күйүп, Путинге жазган катын Аляскадагы саммитте америкалык лидер орус президентинин өз колуна тапшырганы кабарланды.

Трамп менен Зеленский жолугушуудан соң жарым саатка жакын журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бул жолку эки лидердин жолугушуусу февралдагы кездешүүгө караганда жылуу маанайда өтүп жатканы айтылды. Февралдагы жолугушууда Трамп менен Зеленский кайым айтышып, сүйлөшүү мөөнөтүнөн мурда аяктаган эле.

Ак үйдөгү бүгүнкү жолугушуулар Аляскадагы саммиттен кийин өтүп жатат.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында президент Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушкан. Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки лидер "жемиштүү" деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы үч жарым жылдан бери уланып жаткан урушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Путин согушту токтотуу үчүн Киев Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Расмий Киев Москванын андай талабын буга чейин эле кескин четке каккан.

Зеленскийдин сапарын утурлай 17-августта АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн баракчасына билдирүү жайгаштырып, согушту токтотуу үчүн украин президентине оор чечимдерди кабыл алууга туура келерин кыйытты.

"Зеленский кааласа Орусия менен согушту дароо токтото алат же уланта алат. Баары кантип башталганын эстегиле. Обама берип койгон Крым кайтарылбайт (12 жыл мурда бир ок атуусуз!) жана Украина НАТОго кирбейт. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт!!!" — деп жазды ал өзүнүн Truth Social түйүнүнө.

Трамп согушту токтотуу үчүн Украина кайсы бир аймактарынан баш тартууга туура келерин ишарат кылууда. Мындай шарт катары Украина буга чейин Орусия аннексиялаган Крымдан жана НАТОго кошулуудан баш тартышы керек болорун билдирүүдө.

Вашингтонго жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22:30дар чамасы жеткен Зеленский Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жарыялап, чакыруу үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Ал Крымды Украина аргасыздан колдон алдырганын эске салып, Трамптын соңку билдирүүсүнө түз комментарий бербеди.

"Баарыбыз бул согушту тез арада жана ишенимдүү токтотууну каалайбыз. Тынчтык да узак болушу керек. Көп жыл мурдагыдай эмес... Украинаны Крымдан жана Донбасстын бир бөлүгүнөн баш тартууга мажбурлап, Путин муну жаңы чабуулдар үчүн плацдарм катары колдонгон. Украинага 1994-жылы "коопсуздук кепилдиги" берилип, иштеген эмес. Украиндер өз жери, өзүнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатат. Азыр биздин күчтөр Донецк жана Сумы облустарында ийгиликке жетишүүдө. Мен Украина корголуп, коопсуздугуна натыйжалуу кепилдик берилет деп ишенем, биздин эл дайыма президент Трампка, бардык америкалыктарга, ар бир өнөктөшкө колдоо жана баа жеткис жардам үчүн ыраазы. Орусия өзү баштаган согушту өзү токтотушу керек. Мен биздин Америка, Батыштагы боордоштор менен биргелешкен күчүбүз Орусияны чындап тынчтыкка келүүгө мажбурлайт деп үмүттөнөм", - деди Зеленский.

Жолугушуу кандай маанайда өтөт?

Трамп менен Зеленский жана Европа лидерлеринин жолугушуусу кандай өтөт деген суроо кызыгуу жаратууда. Анткени эки президенттин Трамп бийликке келгенден бери быйыл 1-мартта Вашингтондо өткөн алгачкы сүйлөшүүсү курч кайым айтышуу менен аяктаган.

Саясий эксперт, буга чейин Минск сүйлөшүүлөрүндө Украинанын атынан катышкан Сергей Гармаш Украина үчүн кайсы бир аймактарды өткөрүп берүү кабыл алынгыс план экенин айтууда.

"Бул жолугушуу Украина үчүн негативдүү бүтөт деп ойлобойм. Путин каалап жаткан жана Трамп бир нече айткан, Зеленский кабыл алышы керек деген Донецк облусунан аскерлерди чыгаруу шарты ишке ашпаган план. Зеленский муну кааласа да ишке ашыра албайт. Украинанын Баш мыйзамы өз аймагын башка өлкөгө өткөрүп берүүнү караган механизмди ишке ашырууга жол бербейт. Мен бүгүн тааныш аскерлерге чалып, ушул тема боюнча сүйлөшүп көрсөм, бирөө да мындай план каралбай турганын айтты".

АКШга барардан мурда Владимир Зеленский Брюсселге токтоп, Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушкан. Андан кийин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кандай гана тынчтык келишими болбосун, анын башкы жыйынтыгы адамдардын өлүмүн токтотуу болушу керектигин билдирген.

Зеленскийди Батыш лидерлери эмнеге коштоп барды?

Британия, Италия, Германия, Франция, Финляндиянын президенттери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссиянын төрайымынын Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө барышы алардын тынчтык келишимин Украинанын катышуусуз түзбөө, коопсуздукка ишенимдүү кепилдик берүү тууралуу позициясын бекемдеп, Трампка Украина менен Европа бир экенин туюнтуу катары бааланууда.

Вашингтондогу жолугушууга Зеленскийди Европадагы беш өлкө лидери, НАТО жана Евробиримдиктин жетекчисинин коштоп баруу чечимин Стенфорд университетиндеги Гувер институтунун илимий кызматкери Сергей Санович төмөнкүчө баалады:

"Европалыктар бул процесстен тышта калуудан чочулап жатышат. Анткени, бул жолугушуу чынында маанилүү нерсе. Европалыктар көпкө чейин аракеттенбегени менен көп нерсени түшүнүштү. Алар коопсуздукка чыгымдарды көбөйтүп, аскердик курал-жарактарды көбүрөөк чыгара баштады. Ошондуктан, европалыктар үчүн соңку процесстер маанилүү".


Брюссел, 17-август, 2025-жыл
Брюссел, 17-август, 2025-жыл

Коопсуздук келишими, Трамптын сунушу

Буга чейин Трамп Москва менен тынчтык келишимине жетишилген учурда Украинага жамааттык коргонуу жөнүндөгү НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштаганы айтылган. The Telegraph гезити Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин жазган кабарга караганда, бул кепилдикте эгерде жаңы согуш тутанса, кепил болгон мамлекеттер агрессорго куралдуу жооп кайтарат дегенди түшүндүрөт.

Telegraph жазганына караганда, Вашингтондун сунушуна ылайык мындай кепилдикти Украина бир гана АКШдан эмес, Европадагы башка өнөктөштөрдөн да алат. Москва буга макул экени кабарланууда.

2022-жылы мындай кепилдиктер Москва менен Киевдин ортосундагы тынчтык келишиминин долбооруна киргизилген. Анын баштапкы вариантына ылайык, АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Кытай кепил мамлекеттер катары тизмеге кошулушу керек эле. Киев Түркияны, ал эми Москва Беларусту кошууну каалаганын Foreign Affairs журналы жазды.

Маалымат каражаттары 15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында өткөн Трамп менен Путиндин жолугушуусунда талкууланган маселелер тууралуу жазып чыгышты.

Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болгон. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согуштуу токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирген. Үч саатка созулган жолугушууларда тараптар кандай шарттарды ортого салганы толук ачыкталган эмес.

Reuters агенттиги 17-августта өз булактарына таянуу менен Анкориждеги жолугушууда Путин Украинадагы согушту токтотуунун шарттарынын бири катары аннексияланган Крым жарым аралын Орусияныкы деп таанууну талап кылганын жазды. Анда Крымды Орусияныкы деп АКШ эле таанышы керекпи же Украина жана Европанын башка өлкөлөрү да дал ушундай шартка көнүшү керекпи, так айтылган эмес. Reuters сүйлөшүү маалында Путин Орусияга киргизилген санкциялардын кеминде бир бөлүгүн жокко чыгарууну да сунуш кылганын кабарлады.

Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгынын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек. Расмий Киев мындай сунушка көнбөсүн, өз аймагынан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.

DeepState долбоорунун маалыматы боюнча, Орусия учурда Донецк жана Луганск облустарында 440 чарчы чакырым аймакты көзөмөлдөп турат. Ал эми Донбасста украин армиясы Орусия көз арткандан 15 эсе чоң аймакты - 6600 чарчы чакырым аймакты коргоп турат.

Аляскадагы сүйлөшүүлөр маалында Орусиянын жетекчилиги Украинанын айрым аймактарында орус тилине расмий макам берүүнү жана Орус православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салбоону да сунуштаган. Расмий Киев мындай сунушка макул болбосун буга чейин эле айтып келе жатат.

Анкориждеги сүйлөшүүнүн алдында да Трамп “жер алмашуу” болушу ыктымал экенин сөз кылган. Бул ок атышууну токтотуу же башка шарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн Орусия басып алган украин аймактарын таануу дегенге барабар болмок. Зеленский муну өз өлкөсү үчүн “кызыл сызык” деп сыпаттаган.

Трамп администрациясы Европанын Украинадагы согушту жөнгө салуудагы ролун төмөндөтүп келгени белгилүү. Муну эске салган айрым европалык жетекчилер Аляскадагы саммит “экинчи Мюнхен келишими” болуп калбайбы деп чочулап турушкан. Тарыхта 1938-жылкы Мюнхен келишими Батыштагы союздаштардын Гитлердин баскынчыл аракеттерине жол ачып бергендей сыпатталып жүрөт. Айрымдар Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР лидери Иосиф Сталиндин, АКШ президенти Франклин Рузвельттин жана Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин Европаны өз ара бөлүшүп алышына жол ачкан “кезектеги Ялта жолугушуусу” болуп калбаса экен деп да тынчсызданып турушкан.

Аляскада жер алмашуу тууралуу эч кандай жарыя болгон жок. Ошол эле маалда Трамп эскертип келгендей, АКШнын Орусияга каршы жаңы жазалоочу санкциялары да жарыяланбады.

“Жакшы эч нерсе болгон жок, жаман нерсе да болбоду. Украинаны сатыкка койгудай экинчи Мюнхен же экинчи Ялта да болгон жок”, - деп айтты Би-Би-Сиге АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Тейлор.

Шерине

XS
SM
MD
LG