Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары менен келет


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Маалымат боюнча, президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 22-августта президенттин администрациясынын “Ынтымак ордо” имаратында жолугушат. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кайсы документтерге кол коюлары, эмне маселелер талкууланары тууралуу маалымат бериле элек.

Садыр Жапаров 2024-жылы апрель айында Казакстанга расмий сапар менен барып келген.

1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун мезгилден бери 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган.

Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү эл аралык альянстарга мүчө. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG