Украинадагы урушту токтотуу үчүн Украина, Орусия жана АКШнын лидерлери катышкан, үч тараптуу кездешүу өтөөрү жарыяланды. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы?
АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды. Эки ай мурда Financial Times басылмасы өз баяндамасында Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.
Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.Трамп Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. АКШ президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду.
Индия, Пакистан, Непалда катуу жамгырдан кийинки сел 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алды, дагы жүздөгөн тургун дайынсыз. Аляскадагы сүйлөшүүдө Путин Крымды Орусияныкы деп таанууну сунуштаганын маалымат агенттиктери жазды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгын Украина жана Европа лидерлери Вашингтондо талкуулашат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылганын билдирди. Бийлик чет өлкөдө согушка катышкандар жазага тартыларын эскертип келет. Буга чейин “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге кирип калган 91 миң кыргыз жараны сентябрдан тарта өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Тизмеге кирип калган айрым кыргызстандыктар алардын балдары дагы чектөөлөргө туш болуп жатканын билдирүүдө.
Ош шаарындагы каналдардын жээктери бошотулуп, корук зонасы ачылууда. Шаарды жети канал жана бир дарыя аралап өтөт. Көбү тосуп алышкандыктан элдин каналдар тууралуу маалыматы дээрлик жок болчу. Мэрия бул каналдардын, Ак-Буура дарыясын ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген.
Бүгүн АКШнын алыскы Аляска штатында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталды. Бул жолугушууга украин президенти Владимир Зеленский катышпайт.
Кыргызстанга Орусиянын премьер-министри Мишустин расмий менен сапар менен келди. Аляскада өтчү АКШ-Орусия лидерлеринин саммитин утурлай Украина менен Орусия бири-бирине дрон чабуулун күчөттү. Кыргыз өкмөтү эттин баасын 700 сомдон ашырбоону талап кылууда.
Чолпон-Атада Орусиянын өкмөт башчысы Мишустин катышкан экономикалык форум өтүүдө. Украинага согуш ачкандан бери эл аралык санкцияга туш болгон Орусия Кыргызстан менен байланышын бекемдөө аракетинде. Ошол эле маалда кыргыз мигранттары Кремлдин катаал саясатынын кесепетин тартып турган маалы.
Дагы жүктөңүз