Украинадагы урушту токтотуу үчүн Украина, Орусия жана АКШнын лидерлери катышкан, үч тараптуу кездешүу өтөөрү жарыяланды. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы?
Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.Трамп Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. АКШ президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду.
Владимир Путин дүйнөлүк сахнада өзүн көрсөткүсү келген. Дональд Трамп тынчтык келишимине жетүүнү көздөгөн. Орусиянын лидери максатына жетти. АКШнын президенти азырынча көздөгөнүн ишке ашыра алган жок.
Аляскада АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү аяктады. Эки лидер Алясканын борбору Анкориждеги "Элмендорф-Ричардсон" аскердик аэродромунда жолукту. Аляскада президент Путин беш саатка чукул болду.
Бүгүн АКШнын алыскы Аляска штатында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталды. Бул жолугушууга украин президенти Владимир Зеленский катышпайт.
АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта Аляскада жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Европалык лидерлер бул планды кубаттап, ошол эле маалда Украина менен Европанын коопсуздугуна байланышкан кызыкчылыкты коргоо зарыл дешет.
15-августта Аляскада АКШ президенти Трамп менен орус президенти Путин жолугушат. Анда эки лидер Украинадагы согушту талкуулашат. Европалык лидерлер, украин президенти Трамп менен шаршембиде онлайн жыйын өткөрүп, Украинадагы 3 жарым жылга аяк баскан согушту токтотуудагы позицияларын такташты.
Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Быйыл апрелде импичмент жарыяланып, ага чейинки "бийлигинине аша чапкан" деп айыпталган экс-президенттин жубайы көз боёмочулук кылган, пара алган деп айыпталууда.
АКШнын Ооганстандагы миссиясы жана ага байланыштуу көйгөйлөрдү иликтеген SIGAR агенттиги акыркы баяндамасын Конгресске сунуштады. 68-отчетто узак жылдар бою ири сумма максатсыз коротулганы, коррупциянын кеңири жайылганы жана Батыш өлкөлөрүнүн саясатынын олуттуу кемчиликтери сындалган.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Дагы жүктөңүз