Мектептеги окуя боюнча Москва менен Ташкент кайым айтышты
Ливанда Израилдин соңку соккуларынан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил коңшу өлкөдө жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган. Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишти. Өзбек бийлик өкүлдөрү окуяны өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирип жатканын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Август 19, 2025Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 15, 2025ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
-
Август 14, 2025Орусия: WhatsApp, Telegram жарым-жартылай бөгөттөлдү
-
Август 13, 2025Покровск: Орус армиясынын күтүлбөгөн чабуулу
-
Август 12, 2025Украина менен Орусия жер алмашабы?