Чолпон-Атада ур-токмоктон каза болгон Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү. Маркумдун жакындары анын өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен бийлик башчыларына кайрылган. Украинадагы урушту токтотуу үчүн Украина, Орусия жана АКШнын лидерлери катышкан, үч тараптуу кездешүу өтөөрү жарыяланды. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы? Ошто 23 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келген “Ак жүрөк” кризистик борбору имаратсыз калып, ага кайрылган жарандарды жайгаштыруу маселеси чечилбей турат.
Кыргызстан
Ошто 23 жылдан бери аялдарга колдоо көрсөткөн “Ак жүрөк” кризистик борбору имаратсыз калып, ага кайрылгандарды жайгаштыруу маселеси чечилбей турат. Алар ушул убакка чейин жайгашкан имарат башка бир мекемеге берилип, кризистик борборго көчүп кеткиле деген талап коюлган. Кризистик борбордун жетекчиси Дариха Асилбекова мамлекет колдоо көрсөтө уюмдун ишин улантууну көздөйт. Бирок зомбулукка кабылган аялдарды коопсуз жайга жайгаштыруу мүмкүн болбой турат.