Казакстандагы жут Кыргызстанга кандай таасир этет?
Быйыл кургакчылык Орто Азия чөлкөмүн катаал сыноого салды. Айрыкча Казакстандын Мангыстау облусунда тарыхта болуп көрбөгөндөй жут ушу күнгө чейин бери эле дегенде үч миңдей мал-жандыктын башын жалмады. Жергиликтүү малчылар тоюттун ордуна койлорго кагазды сууга эзип бергенге аргасыз. Казакстанда болуп жаткан жуттун кесепети Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Кыргызстандын малчылары кышка даярбы? "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.
Чыгарылыштар
-
Апрель 23, 2025Мончодо сабалган кыргыздар: Ким жооп берет?
-
Апрель 11, 2025"АКШдан чыгып кетүү керек". Америкадагы мигранттар алган кат
-
Апрель 05, 2025Европа Биримдигинин Борбор Азияга ачкан "Аалам каалгасы"
-
Апрель 03, 2025Украина: Согуштун токтошуна эмне тоскоол болууда?
-
Март 28, 2025Бишкек: Чехтер түзгөн "Интергелпого" 100 жыл
-
Март 13, 2025Украина: Орусия ок атышууну токтотобу?