2010-жылы Ошто июнь коогасын уюштургандардын бири деген негиз менен 16 жылга абакка кесилген Карамат Абдуллаевага чыккан буга чейинки эки инстанциянын өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн Ош облустук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирип, Жогорку сот анын арызын 20-августта карап чечим кабыл алганын айтты.
Жогорку соттун басма сөз кызматы маалыматты ырастап, бул иш боюнча Конституциялык сот 11-апрелде чечим кабыл алып, адвокат ошонун негизинде Жогорку сотко кайрылганын кабарлады.
Ош шаардык соту 2014-жылы Кадыржан Батыров жана Ином Абдурасуловду сыртынан өмүр бою абакка кесип, Карамат Абдуллаева 16 жыл жаза чегерген. Ош облустук соту кийин өкүмдү күчүндө калтырган. Аларга 2010-жылкы июнь окуяларын уюуштурган жана козуткан деген кине коюлган.
Июнь коогасынан бери издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева 2023-жылдын апрель айында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына кирип келатканда кармалган. Ушул тапта аялдар абагында жазасын өтөп жатат.
75 жаштагы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы июнь коогалаңына чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 233 (“Массалык тартипсиздиктер, куралдуу каршылык көрсөтүү”), 259 (“Жарандардын укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштурууга жетекчилик кылуу”), 299-беренелери (“ Улут аралык кастыкты козутуу”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Июнь окуясына байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген.
Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар болгон. Булардын ичинен Кадыржан Батыров 2018-жылы декабрда Украинанын Одесса шаарында көз жумган, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Расмий маалыматка караганда, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек. (BTo/DSh)
Шерине